ICMP протоколунун куралдары

ICMP протоколунун куралдары

ping

ping бул жөнөкөй, бирок регулярдуу колдонулган курал.

ping 8.8.8.8

же

ping 1.1.1.1

(Гуглдун жана Клаудфлэрдин ДНС серверлери) аркылуу интернет иштегенин/иштебегенин билип алабыз.

Роутердин дарегин пинг кылсак болот -

ping 192.168.0.1

(башка дарек болушу мүмкүн). Консолго чыккан жообунда time тааласына көңүл бургула, бул серверден канча убакытта жооп келгенин көргөзөт, канчалык аз болсо, ошончолук жакшы, бул көрсөткүчтү ping же latency деп да атап коюшат.

Эгер интернет стабилдүү болбосо, биринчиден чет өлкөлүк серверди:

ping 8.8.8.8

жашаган өлкөдөгү серверди:

ping gov.kg

провайдердин кайсы бир серверин

ping megaline.kg

анан роутерди пинг кылыш керек:

ping 192.168.0.1

Ушулардын бирөөсүндө time'дын мааниси көп болсо ( > 500 миллисекунд), көйгөй ошол тарапта.

Эгер сервер иштеп, кызматтарды тейлеп, бирок пингге жооп бербей жатса, администратор тарабынан файрвол аркылуу ICMP протоколу өчүрүлгөнү ыктымалдуу.

ping -s

Кээ бирде кийинки көйгөй болот: вебсайттар ачылып, ал эми медиа контент ачылбайт. Бул майда пакеттер ийгиликтүү жүктөлүп, чоң пакеттер келбей жатканы болушу мүмкүн. ping куралынын -s опциясы аркылуу пакеттин өлчөмүн көбөйтүп текшергенде, кайсы хостто/зонада көйгөй болгонун биле алабыз

$ ping -s 5000 1.1.1.1
PING 1.1.1.1 (1.1.1.1): 5000 data bytes
5008 bytes from 1.1.1.1: icmp_seq=0 ttl=50 time=30.533 ms
5008 bytes from 1.1.1.1: icmp_seq=1 ttl=50 time=31.223 ms
5008 bytes from 1.1.1.1: icmp_seq=2 ttl=50 time=30.467 ms
5008 bytes from 1.1.1.1: icmp_seq=3 ttl=50 time=33.499 ms

traceroute

ICMP протокол аркылуу иштеген дагы бир курал бул traceroute. Сиздин хосттон кайсы бир хостко пакеттер кандай маршрут менен барганын билип алсак болот

$ traceroute google.com
traceroute to google.com (142.250.186.206), 64 hops max, 40 byte packets
1 192.168.100.1 (192.168.100.1) 2.858 ms 2.394 ms 1.961 ms
2 83-111-111-11.static.inetia.pl (83.111.111.11) 3.934 ms 3.769 ms 4.407 ms
3 rt09.inetia.pl (83.238.249.16) 5.244 ms 7.327 ms 7.229 ms
4 rt91.inetia.pl (83.238.248.110) 9.586 ms 9.660 ms 9.957 ms
5 001rt91.inetia.pl (83.238.248.79) 9.602 ms 9.397 ms 9.218 ms
6 72.14.203.16 (72.14.203.16) 9.366 ms 9.054 ms 8.959 ms
7 * * *
8 209.85.253.224 (209.85.253.224) 11.397 ms
209.85.250.174 (209.85.250.174) 9.026 ms
waw07s05-in-f14.1e100.net (142.250.186.206) 9.314 ms

Traceroute тун жообун карасак: биринчи болуп биздин роутердин дарегин, андан кийин биз колдонгон провайдердин, кийин эл аралык, андан кийин Гуглдун ички тармагынын түйүндөрүнүн даректерин көрсөк болот. Тизмеде ар бир хосттун пинг/лейтенси убакыты жөнүндө маалымат алабыз